Коом

УКМК: Колледждин кафедра башчысы опузалап пара талап кылуу фактысы менен кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мектепке чейинки, жалпы, орто кесиптик жана жогорку билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча КР УКМК тарабынан ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча мамлекеттик бүтүрүү  экзамендерине кирүү жана дипломдук ишти коргоо үчүн акча каражаттарынын бир бөлүгүн алууда Бишкектеги Курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин кафедра башчысы К.Д.С. жана окуу жайдын окутуучусу И.Н.С. кармалды.

Мында, тергөө тарабынан  И.Н.С. накталай жана М-банк мобилдик тиркемеси аркылуу 20 000 сомдон ашык өлчөмдөгү акча каражаттарын  алгандыгы катталган.

Кармалган К.Д.С. тергөө алкагында КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эми И.Н.С.га карата эч жака чыкпоо тил каты боюнча баш коргоо чарасы тандалып алынды.

КР УКМК билим берүү системасындагы коррупцияны жоюу боюнча антикоррупциялык иш-чаралар уланып жатканын кабарлайт жана КР колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чараларды көрүү максатында жарандарды коррупциялык  фактылар боюнча маалымдоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button