Окуялар

Чүйдө өгөй уулуна оор жаракат келтирүүгө шектелген жаран кармалды

Чүй облусунун Москва районунда өгөй уулуна оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 28-май күнү Москва аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө көкүрөгүнө бычак сайылган жаракат менен 30 жаштагы И.Р. аттуу тургун жеткирилген.Ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө түшүп, анын негизинде тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыккан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя саат 16:20 чамасында Садовое айылынын Крупская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Жабырлануучу менен анын 66 жаштагы өгөй атасы М.Н. ортосунда чыр чыгып, экөө тең мас абалда болушкан.Тергөө версиясына ылайык, жаңжал учурунда шектүү ашкана бычагын алып, өгөй уулунун көкүрөгүнүн оң тарабына сайып жиберген. Натыйжада жабырлануучу оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.Н. кармалып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button