Коом

Кыргызстанда поезд менен үй жаныбарын ташууга уруксат берилди

Кыргызстанда поезд менен жүргөн жүргүнчүлөр эми экиге чейин үй жаныбарын акысыз алып жүрө алышат. Бул норма темир жол транспорту аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуунун жаңыланган эрежелеринде каралган.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматына ылайык, иттерди, мышыктарды жана канаттууларды акысыз ташууга уруксат берилет. Жаныбарлар атайын ташыгычтарда, капастарда же контейнерлерде болушу керек жана кол жүгүнүн ордуна жайгаштырылат. Алар үчүн кошумча төлөм алынбайт.Ошол эле учурда ири породалуу иттерди ташууга тыюу салынат.

Көзү азиз же көрүүсү начар жүргүнчүлөрдү коштоп жүргөн жол көрсөтүүчү иттерге гана өзгөчө шарт каралган.Документте ошондой эле өлкө ичиндеги темир жол каттамдарында электрондук билеттерди колдонуу мүмкүнчүлүгү бекитилди. Алар кагаз билет менен бирдей юридикалык күчкө ээ болот.

Мындан тышкары, жүргүнчү беш жашка чейинки бир баланы өзүнчө орун берилбестен акысыз алып жүрө алат. Беш жаштан он жашка чейинки балдар үчүн атайын тариф каралган. Ал эми он жашка чыга элек балдарга чоңдордун коштоосуз поезд менен жүрүүгө уруксат берилбейт.

Кол жүгүн акысыз ташуунун чеги 50 килограмм болуп белгиленди. Бул чектин ичинде кыймылдаткычы жок бир велосипедди ажыратылган жана таңгакталып салынган түрдө алып жүрүүгө болот. Ошондой эле жүк нормасынан тышкары бүктөлмө балдар арабаларын жана майыптар коляскаларын акысыз ташууга уруксат берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button