Окуялар

Ветеринардык кызматкерлер көзөмөл-уруксат берүү функцияларын аткарууда коррупциялык схемаларды уюштурган

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишмердүүлүк чөйрөсүндө Ветеринардык кызматтын бир топ кызмат адамдары көзөмөл-уруксат берүү функцияларын аткарууда коррупциялык схемаларды уюштуу фактысы боюнча кармалышты.

Тергөө тарабынан аныкталгандай, кармалгандар эт продукциясын импорттоо үчүн уруксат берүүчү документтерди берүү жана тиешелүү квотаны бөлүп берүүдө мыйзамсыз акча каражаттарын алуу ишине катышкан.

Мурда алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Ветеринардык кызматтын аймактык башкармалыгынын жетекчиси жана улук инспектору кылмыш үстүндө кармалды.

Алар КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иликтенип жаткан кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button