Ойлонууну коюп, аракетти баштаңыз: 25-сентябрга гороскоп

Астрологдордун айтымында бүгүнкү күн – ойлонуунун эмес, чечимдердин күнү. Ошондуктан “жети өлчөп бир кесүүнү” жетимиш жолу өлчөөгө айландырбай, анча-мынча тобокелчиликке барып коюңуз.
Кой. Бүгүн сиздин лидерлигиңиз жана чечкиндүүлүгүңүз маанилүү иштердин ийгилигине алып келет.
Кеңеш: кырдаал татаал сыяктуу сезилип турса да демилге көтөрүүдөн качпаңыз.
Букачар. Жаңы жеңиштерге маашырланууну кааласаңыз, адатка айланып калган иштерге өзгөртүү киргизиңиз.
Кеңеш: креативдүүлүгүңүздү ойготуу үчүн кандайдыр бир башкача нерселерди байкаштырып көрүңүз.
Эгиздер. Бүгүнкү күн жаңы таанышууларга жана эски байланыштарды жандандырууга ылайыктуу.
Кеңеш: маектешүү үчүн ачык болуңуз, бул сизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет.
Бөйөн. Кийинкиге калтырылган иштерге көңүл бурууга убакыт келип жетти.
Кеңеш: алагды кылган нерселерден качып, максатыңызга кадам артынан кадам таштаңыз.
Арстан. Бүгүн сунуштарды кабыл алып, өзүңүздү башка ролдо байкаштырууга ылайыктуу күн.
Кеңеш: жоопкерчиликтен коркпоңуз, ал сизге жаңы горизонтту ачат.
Бийкеч. Күнүмдүк графигиңизди кантип жакшыртып, ишти өркүндөтүү болоорун ойлонуңуз.
Кеңеш: пландоо сизге бардык иштерди бир топ натыйжалуу жасоого жардам берет.
Тараза. Чыгармачылык менен алектенүүнүн, эргүүлөрдү издөөнүн күнү.
Кеңеш: сизге кубаныч тартуулаган искусство же хоббиңиз аркылуу өзүңүздү көрсөтүүгө аракет жасаңыз.
Чаян. Бүгүн сиз энергияга толосуз, аны маанилүү иштерге коротуңуз.
Кеңеш: кумарыңызды жана энтузиазмди ийгиликке жетүүгө багыттаңыз.
Жаачы. Бүгүн – пландарды жана стратегияны терең анализдөөчү күн.
Кеңеш: буга чейин көңүл сыртында калып келген деталдарга көңүл буруңуз.
Текечер. Профессионалдык байланыштарды жакшыртуу жана жумуштагы макамыңызды бекемдөөчү күн.
Кеңеш: кесиптештер жана жетекчиликтин алдында демилге көтөрүңүз.
Суу пери. Бүгүн сиздин эркиндигиңиз жана өзгөчөлүгүңүз татаал маселелерди чечүүгө жардам берет.
Кеңеш: күтүлбөгөн чечим таап чыгуу үчүн уникалдуу ой жүгүртүүңүздү колдонуңуз.
Балык. Кыялдарыңызды жана амбицияңызды кайра карап чыгууга убакыт келди.
Кеңеш: сизге эмне чындап маанилүү экенин тактап, аракетиңизди баштаңыз.



