Коом
Кыргызстандык курсанттар эл аралык олимпиадада 1-орунду ээледи

А.Ф.Можайский атындагы Аскердик-космостук академиясында билим алып жаткан Кыргызстандын курсанттары күжүрмөн камсыздоонун айрым түрлөрү жана тактикалык медицина боюнча өткөн эл аралык олимпиадада ири ийгилик жаратышты. Маалыматты Коргоо министрлигинен билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, эки этап менен уюштурулган мелдешке Кыргызстандын атынан 6 курсант катышкан.
Алар жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана командалык ынтымагын көрсөтүп, төмөнкүдөй мыкты жыйынтыктарга жетишти:
-Академиянын өзүнүн командалары арасында радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча «Коопсуз чөйрө» сынагында 1-орунду ээлешти;
-Жогорку аскердик окуу жайлардын арасында өткөн олимпиаданын жалпы командалык эсебинде да 1-орунга татыктуу болушту.



