Коом
Мас абалында унаа айдагандарга жаза күчөтүлдү

Өлкөдө ичип алып унаа айдагандарга жаза катаалдашты. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, мас болуп рулга отургандарды 20 суткага чейин камакка алуу (мурда 7 суткага чейин болгон) жана 12 жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу каралган.
Эгер мас айдоочу жол кырсыгына себеп болуп адамдар жабыркаса, анда 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми кырсыктын кесепетинен адам каза болсо 10 жылдан 12 жылга чейин (мурда 8-10 жыл) кесилет.
Ошондой эле жаңы мыйзам менен мопеддерди жана электр скутерлерин милдеттүү түрдө каттоо киргизилди. Алардын ээси А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алууга милдеттүү болот.



