Өткөн жылы айыл өкмөттөрүндө жана шаарларда финансылык тартип бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңешке сунуштаган расмий отчетуна караганда, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык, Эсептөө палатасы жер-жерлердеги жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын текшерүүдөн өткөрдү.
2025-отчеттук жылы өлкө боюнча 16 шаардын мэриясынын жана 241 айыл өкмөтүнүн бюджеттеринин түзүлүшү менен аткарылышына аудит жүргүзүлгөн.
Шаарлар боюнча жыйынтык:
Бишкек жана Ош шаарларын эсепке албаганда, облустук маанидеги 12 шаар жана райондук маанидеги 4 шаарда (жалпысынын 16 шаар, анын ичинде Каракол, Нарын, Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад ж.б.) жүргүзүлгөн аудиттер калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 1 077,9 млн сом суммасындагы финансылык тартип бузууларды аныктаган. Анын ичинен 676,3 млн сому (62,7 пайызы) кайтарылган. Ошондой эле шаарлар боюнча 90,9 млн сомдук ички резервдер жана жоготуулар табылган.
Айыл өкмөттөрү боюнча жыйынтык:
Текшерилген 241 айыл өкмөтүндө каржылык тартип бузуулардын жалпы суммасы 1 861,8 млн сомду түздү.
Түшүндүрүү жана калыбына келтирүү иштеринин натыйжасында, бузуулардын 1 407,8 млн сому (75,6 пайызы) жергиликтүү бюджеттерге кайтарылган. Айыл өкмөттөрүндө аныкталган резервдер менен жоготуулардын көлөмү 241,5 млн сомду түзгөн.



