Коом
Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 25 пайызга өстү

Кыргызстанда жумуртка өндүрүү 25 пайызга өстү, көрсөткүч өлкөнү Евразия экономикалык биримдигинде биринчи орунга чыгарды. Бул тууралуу ЕАЭБ статистикасында айтылат.
Казакстанда жумуртка өндүрүү 9,5 пайызга көбөйүп, экинчи орунду ээледи.
Ал эми ЕАЭБ боюнча жалпы орточо өсүш ушул жылдын биринчи чейрегинде 2,7 пайызды түздү.
Буга чейин өсүү темпи боюнча лидерликти 12,5 пайыз менен Армения ээлеп келген.



