Кыргызстан менен Грузия ТИМ башчылары жолугушту

Кечээ, 11- июнда Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн жана эки тараптуу өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун катышуучулары ошол эле күнү Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-грузин соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи жыйынынын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурушту.
Тараптар соода, транспорт, туризм жана санариптештирүү тармактарындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири карап чыгып, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.
Грузиянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы кыргыз тарапты Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
Мындан тышкары, Мака Бочоришвили аталган шайлоо өнөктүгүн өткөрүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев грузин тарапты 2027-жылдын октябрь айында өтө турган экинчи Тоо саммитине катышууга чакырды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана бардык деңгээлдерде жигердүү диалогду сактоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.



