Тажиктердин Ташиев жана макулдашуу боюнча провокациясы фейк, жалган, монтаж!

Бүгүн эртеден бери эки фейк маалымат интернетте аябагандай тездик менен тарап атат — бул Ташиевдин тажиктер менен сүйлөшүүлөргө барганда жер тиктеп, кечирим сураганы жана кыргыз-тажик ортосундагы чек ара боюнча келишимдин тексти.
Ташиевдин кечирим сурабаганын УКМК дароо жокко чыгарды. Ташиев эч кандай кечирим сураган эмес деп. Көрсө, Ташиев бир аз кечигип келгенине этикага жараша кечирип койгула деп, сөзүн андан ары улантыптыр. Муну дароо монтаждай коюшуп, жер тиктеп, кечирим сурагандай кылып жасап коюшуптур.
Муну ички душмандар жасап жатабы, же тажиктердин колунан келдиби — бул башка суроо, иликтене турган.
Мындан сырткары өздөрүнө ылайыктуу макулдашуунун вариантын тажиктер атайын чыгарып, кыргыз элинин арасына булүк салып жатканы билинип калды. Кайсы жинди ушундай вариантка кол коймок эле? Ташиев эч качан жер тиктеп, кол коюп бербейт эй!
Токон Мамытов бул боюнча аталган фейк вариант тажиктердин өзүнүн варианты экенин белгилейт. Анткени алар 18 жылдан бери ушул шарттарды коюп келатышыптыр — бардык сүйлөшүүлөрдө 1924-1927чи жана 1989-жылдагы карталар боюнча иштөөнү. “Бул алардын позициясы, аны сыйлайбыз, бирок бизде да булардан айырмаланган позициябыз бар. Бул вариантка кол эч качан коюлмак эмес. Мындан тышкары, аталыштарга көңүл бурсак: Көкташты Коктош деп жазышкан ж.б. Демек, муну атайын тажиктер чыгарып, бизге чагымчылдык жасап жатышат”, — дейт Мамытов.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова дагы мындай чагымчылдык атайын тажик тараптан жасалып, чындыкка дал келбегенин белгиледи.
Ал эми медиаэксперт Бегаим Усенова болсо азыр маалыматтык согуш жүрүп жатканын, тажик тарап ушул күндөрү бир да расмий маалымат бербей отуруп, ушундай протоколду чыгарып жатканы жөндөн-жөн болбогонун айтат. Мунун максаты эмнеде? Ойлонушубуз керек дейт, Усенова.



