Дүйнө

Олимпиадада Өзбекстандын курамасынын башкы машыктыруучусунун жүрөгү токтоп калды

8-августта Париждеги Олимпиада оюндарында Өзбекстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Тулкин Киличевдин жүрөгү токтогонун Sky Sports басылмасы жазды. 

51 килограммга чейинки салмак ченинде финалда мушкер Хасанбой Дусматовдун жеңишке жеткен финалынан кийин Киличев мушкерлер машыккан жерде эс-учун жоготкон. Улуу Британиянын курамасынын дарыгери Хардж Сингх жана физиотерапевт Робби Лилис жардамга барышкан. Алар дефибрилляторду колдонууга туура келген.

«Машыктыруучу эс-учун жоготкон абалда болчу. Хардж жасалма дем алдыруу кылып, болжол менен 20-30 секунддан кийин өзүнө келди» — деди Лилис. Киличев ооруканага жеткирилген. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button