Коом
Бишкекте аялына бычак сайган адам кармалды

Бишкеке зомбулук көрсөткөн шектүү адам кармалды. Бул тууралуу 30- сентябрда Свердлов райондук милициясы кабар берди.
Маалымат боюнча, 25-сентябрда саат жетилер чамасында Дзержинский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде күйөөсү аялына бычак сайганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жарандык никедеги жубайлардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен аял көкүрөк тушунан бычактан жаракат алганын аныкташкан. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Сабап кыйноо) боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган Г.М. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө учурунда шектүү үй-бүлөлүк зомбулук үчүн административдик жоопкерчиликке бир нече жолу тартылганы аныкталган.



