Окуялар

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 83 жаштагы улгайган адамдын мүлкүн тартып алган

13-сентябрь күнү Ысык-Көл РИИБне Чолпон-Ата шаарынын 83 жаштагы тургуну Ч.М. арыз менен кайрылып, Корумду айылында жайгашкан “Айдын-Көл” жана “Автомобилист” эс алуу жайларынын ортосундагы жол тилкесинде орнотулган ага тиешелүү болгон темир тор сеткасын жана түтүктөрүн «Серик» атту жаран өз билемдике салып, бузуп алып кеткендин билдирген. Натыйжада, жабырлануучуга 35 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, КЖКнын 210-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш чараларын натыйжасында, райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал, мурда соттолгон, КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган Чолпон-Ата шаарынын 33-жаштагы тургуну Н.С. болуп чыкты.

Алгачкы суракта, кылмышка шектүү катары кармалган жаран өзүнүн күнөсүн толугу менен мойнуна алып, жабырлануучуга келтирген материалдык чыгымды толугу менен төлөп берген.

Учурда, тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button