Чүй, Ысык-Көл жана Бишкекте мөмө-жемиштер текшерилүүдө

Чүй жана Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында коон-дарбыз жана мөмө-жемиш, жашылча продукцияларынын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, адистер продукциялардын коопсуздук талаптарына шайкештигин текшеришүүдө.
Нитрат өлчөгүчтөрдүн жардамы менен экспресс-анализдер жүргүзүлүп, Ак-Суу районунда текшерүүлөр өттү. Ал эми Жети-Өгүз районунда мониторинг «Ак-Жалга» ЖАКтын базасында жана эки кабыл алуу пунктунда жүргүзүлгөн.
Инспекторлор ветеринардык документтердин жана сертификаттардын болушуна, продукциядагы нитраттардын деңгээлинин талаптарга ылайыктыгына, ошондой эле жашылча-жемиштердин сакталуу жана сатылуу шарттарына өзгөчө көңүл бурушууда.
Мындан тышкары, жеринде кошумча лабораториялык текшерүү үчүн үлгүлөр алынууда.
Буга чейин министрликтин өсүмдүктөрдүн тышкы карантини бөлүмүнүн башкы адиси Райла Кабылова Кыргызстанда өсүмдүк продукцияларындагы нитраттын деңгээлин аныктоочу жабдуулар жетишсиз экенин билдирген.



