Милиция Чүйдө өспүрүмгө карата зомбулук тууралуу фактылар аныкталбаганын билдирди

Чүй облусунда социалдык тармактарга тараган 14 жаштагы өспүрүмгө карата зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу видео боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө системалуу ырайымсыз мамиле же кыйноо белгилери аныкталган жок.
Чүй ОИИББнын маалыматына ылайык, бул факт 19-июнда катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.Текшерүү учурунда өспүрүм көрсөтмө берип, атасынын тууганынын колунда тарбияланып келгенин билдирген.
Анын айтымында, өзү ата-энеси менен жашаганы менен, мектептен кийин жана дем алыш күндөрү тууганынын үйүндө болуп, чарба иштерине жардам берет.
Өспүрүм интернетке тараган видеодо тууганы аны курч нерсе менен жарадар кылганын ойлонбой айтып алганын түшүндүргөн. Анын айтымында, бул сөздөрдү тоокторду карабай койгону үчүн агасы урушкан учурда ачуусу менен айткан.
Милициянын маалыматы боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгында жашы жете элек балага карата системалуу зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматтар тастыкталган эмес.
Ошол эле учурда тергөө аракеттери уланууда: күбөлөр суралып, соттук экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайлары такталууда. Акыркы чечим текшерүүнүн жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде кабыл алынат.
Эске салсак, 19-июнда социалдык тармактарда өспүрүм өзүнө карата узак убакыттан бери физикалык зомбулук көрсөтүлүп келгенин айтып чыккан видео тараган. Ал иштетилип, сабалып, курч нерсе менен жабыркатылганын билдирип, денесиндеги тактарды көрсөткөн. Өспүрүм мындай шартта эки жарым жылдан ашык жашаганын айткан эле.



