Мамлекеттик ЖОЖдордун жатаканаларында 15 миңден ашуун орун бар

Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Исиралиева билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы 30 мамлекеттик жогорку окуу жайында жалпысынан 15 миң 360 орунга ылайыкталган жатаканалар бар.
Ал студенттерди турак жай менен камсыздоо маселеси дагы эле актуалдуу экенин белгиледи. Биринчи кезекте жатаканалардагы орундар мамлекеттик гранттык негизде окуган студенттерге берилет. Бирок зарылчылык жаралган учурда контракттык негизде билим алып жаткан студенттерге да бөлмөлөр бөлүнөт.
Белгилей кетсек, радионун угармандарынын бири студенттик жатаканаларда орун жетишсиз экенине даттанган. Анын айтымында, көптөгөн жаштар батир акысын төлөө үчүн кошумча иштөөгө мажбур болуп, бул билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизүүдө.
Буга чейин студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгү программасынын алкагында өлкөнүн беш облусунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында 7 миңден ашык орунга ылайыкталган тогуз жаңы жатакана куруу пландалып жатканы маалымдалган.
Акыркы маалыматтар боюнча, республика боюнча жалпысынан 85ке жакын жогорку окуу жайы иш алып барат.



