Коом

Инвестициялык бизнес-форуму — 2026: кызматташтыкты өнүктүрүүгө бизнес өкүлдөрү жана инвесторлор катышууда

Инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган аянтчага 600дөн ашуун бизнес өкүлдөрү жана инвесторлор катышууда

24-июнда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан уюштурулган ШКУнун Инвестициялык бизнес-форуму-өтүүдө.

Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев катышууда.

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы алгачкы ири инвестициялык аянтча болгон Форум ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүн, мамлекеттик органдарды, бизнес-коомчулукту, өнүктүрүү институттарын, инвестициялык фонддорду, технологиялык компанияларды жана стартап-долбоорлорду бириктирди.

Иш-чарага эл аралык жана аймактык уюмдардын, каржы институттарынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана аймактык бизнестин 600дөн ашуун өкүлү катышууда. Катышуучулар инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулап, тажрыйба алмашып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууда.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Форумдун Бишкекте өткөрүлүшү ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы туруктуу инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы шарттарды түзөрүн белгиледи.

Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан Кыргызстан өзүнүн бай тарыхый мурасын санариптик экономиканын өнүгүүсү, заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура жана инновациялык технологиялар менен айкалыштырып, Евразиядагы өз ара байланыштуулукту чыңдоодо маанилүү орунду ээлейт.

ШКУнун 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылы бул Форумдун Уюмдун алкагында өткөрүлүшү мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди, жакшы коңшулук мамилелерди жана өнөктөштүктү чыңдоого, ошондой эле инвестициялык жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин алдында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Биздин негизги милдет — мамлекет менен бизнестин ортосундагы түз диалог үчүн натыйжалуу аянтча түзүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу жана аймактагы инвестициялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү. Кыргыз Республикасы өнөктөштүккө ачык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Форумдун ишкердик программасынын алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин инвестициялык агенттиктеринин жетекчилеринин баяндамалары, санариптик экономиканы өнүктүрүү, жашыл трансформация, саламаттык сактоо жана башка келечектүү багыттар боюнча панелдик талкуулар өткөрүлөт.

Ошондой эле катышуучулар жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө жана потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду талкуулоого багытталган эки тараптуу B2B жолугушууларга катышат.

Форумдун маанилүү иш-чараларынын бири ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен резолюцияга кол коюу. ШКУнун Инвестициялык бизнес-форумун өткөрүү Кыргыз Республикасынын Уюмдагы төрагалыгынын алкагындагы демилге болуп саналат жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн туруктуу аянтча түзүүгө багытталган.

Резолюция ШКУнун алкагында биргелешкен инвестициялык форумдарды жана ишкердик иш-чараларды өткөрүү тажрыйбасын мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттердин, бизнес-коомчулуктун жана өнүктүрүү институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган.

ШКУнун Инвестициялык бизнес-форуму-2026 экономикалык байланыштарды бекемдөө, инвестицияларды тартуу жана аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button