УКМК тарабынан ири суммада тамеки аткезчилигин уюштурган каналдын ишмердүүлүгү токтотулду

УКМК тарабынан экономикалык аткезчиликке каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында, өлкө аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган жана мыйзам талаптарына жооп бербеген тамеки өнүмдөрүн алып кирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү (Экономикалык аткезчиликти уюштуруу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2026-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында көз боёмочулук үчүн унаа оңдоочу жай (СТО) катары жашырылган кампалар аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында аткезчиликти уюштурган КР жараны «Щ.Р.А.» кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, колго түшүрүлгөн жүктүн болжолдуу баасы 30 миллион сомдон ашат.
Учурда бул аткезчилик каналынын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери улантылууда.



