Коом

Айбек Жунушалиев шаарлар боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун вице-президенти болду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Марокконун Танжер шаарында өткөн “Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер” дүйнөлүк уюмунун кезектеги конгрессинде бир добуштан уюмдун вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка айтылгандай, бул уюм жергиликтүү жана аймактык бийликтердин ири эл аралык уюму болуп саналат. Ал дүйнөнүн 140тан ашык өлкөсүнөн 240 миңден көп шаарды, муниципалитетти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциацияларын бириктирет.

Ошондой эле алардын кызыкчылыктарын глобалдык деңгээлде, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык институттар менен өз ара аракеттенүүдө да коргойт.

Вице-президенттер шаарларды туруктуу өнүктүрүү, санариптештирүү, экология жана муниципалдык башкаруу маселелери боюнча стратегиялык чечимдерди иштеп чыгууга катышат.

“Бишкек мэринин бул кызматка шайланышы борбор калаа үчүн маанилүү жетишкендик болуп саналат. Шаардын эл аралык аброю өсүп жатканын тастыктайт жана дүйнө шаарлары менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эл аралык долбоорлорго катышууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button