Коом
Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата саламаттык сактоо мекемелерине 100 санитардык унаа тапшырылат

Кыргызстанда жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленүүчү Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата саламаттык сактоо мекемелерине 100 санитардык кызматтык унаа берилет.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, унаалар өлкөнүн бардык аймактарындагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.
Алардын катарында облустук ооруканалар, патологоанатомиялык бюролор, энени жана баланы коргоо борборлору, жалпы дарыгерлик практика борборлору, соттук-медициналык экспертиза бюролору, облустук СПИД борборлору, аймактык кан борборлору, психиатрия жана наркология борборлору жана башка саламаттык сактоо уюмдары бар.
Белгилей кетсек, санитардык унааларды ата мекендик «Тулпар Моторс» компаниясы өндүргөн.



