Окуялар

Аламүдүн районунда курулуш эрежелерин бузгандарга 1 млн сом айып салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда курулуш реестрине катталбаган объекттерге 1 млн сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, райондо логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда одоно мыйзам бузуулар катталган.

Аталган объекттерде курулуш-монтаждоо иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлүп келгени аныкталды.

Натыйжада аталган фактылар боюнча курулуш жүргүзгөн тараптарга карата протоколдор түзүлүп, Укук бузуулар кодексинин негизинде жалпы 1 млн сом айып салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button