Коом
Бишкекте түнкүсүн жүрүүчү автобустардын тарифи белгилүү болду

Бишкекте түнкү автобустарда жол кире накталай эмес төлөмдө 70 сом, ал эми накталай төлөмдө 90 сомду түзөт. Бул тууралуу «Тулпар» долбоорунун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков билдирди.
Анын айтымында, бүгүн-эртең алты каттам боюнча түнкү автобустар сыноо режиминде ишке кирет. Каттамдардын схемасы даяр болуп, жакын арада мэрия тарабынан жарыяланат.
Түнкү каттамдар саат 22:00дөн 05:00гө чейин болжол менен 40 мүнөт аралык менен жүрүп, шаардын негизги райондорун байланыштырат.
Белгилей кетсек, учурда Бишкектеги автобустарда күндүзгү жол кире 17 сомду түзөт. Ал эми 1-июлдан тарта коомдук транспортто накталай төлөм алынбай, жүргүнчүлөрдөн жол акысын банк картасы же «Тулпар» картасы аркылуу төлөө талап кылынууда.



