Коом
Бишкек мэриясы Түштүк магистралдагы жол чырактарды алып салууну пландап жатат
Бишкектеги А.Токомбаев проспектисинен жол чырактарды толугу менен алып салуу пландалууда.
Учурда тиешелүү долбоор иштелип жатканын 13-ноябрда «АКИpress» агенттигинде борбордогу тыгындар маселесине арналган тегерек столдо Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.
Анын айтымында, долбоор Жайыл баатыр көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин тоскоолдуксуз кыймылды уюштурууну караштырат.



