Саясат
Шайлоого жаңы катышкандарга белек берүү үчүн канча акча кетет?

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев 18 жашка толуп, шайлоого алгачкы жолу катышып жаткан жарандарга белек берүүнү сунуштаган.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров буга макул экенин билдирип, эгер депутаттар колдосо, маселени карап чыга турганын айткан.



