Коом
Эмгек министрлиги: Коррупция тууралуу 1966 номерине кабарлаңыз

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды коррупцияга байланыштуу өздөрүнө белгилүү болгон бардык фактылар тууралуу 1966 ишеним телефону аркылуу билдирүүгө чакырды.
Министрликтен билдиришкендей, мекеме коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташууну улантып, санариптик чечимдерди киргизүүнү, ички көзөмөлдү күчөтүүнү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүүнү көздөйт.
Ошондой эле министрлик коррупцияга каршы күрөштө жарандардын активдүү жарандык позициясы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.



