Коом

Бийик тоолуу аймактардагы айлык жана жөлөк пулдарды эсептөө тартиби такталат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда жашап жана иштеген жарандарга берилүүчү кепилдиктер менен компенсациялардын тартибине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор административдик-аймактык түзүлүштөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу даярдалган. Айрым калктуу конуштар облустук маанидеги шаар макамын алгандан кийин, аларга райондук коэффициенттерди колдонууда укуктук так эместиктер жаралган.

Документте облустук маанидеги жаңы шаарларда эмгек акы жана жөлөкпулдарды эсептөөдө райондук коэффициенттерди колдонуу тартибин тактоо сунушталууда. Бул төлөмдөрдү эсептөөдө жаралган талаш-тартыштарды жоюуга багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button