Коом

Ысык-Көлдө «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагы расмий ачылат

Бүгүн Ысык-Көлдө Президент Садыр Жапаров катышкан салтанатта «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (СФИТ) расмий ачылышы болот.

Аймакта башкаруучу компаниянын кеңселери жайгашкан заманбап бизнес-борбор курулган. Жалпы аянты 3 850 чарчы метр болгон имаратта кеңсе жайлары, коворкинг мейкиндиктери, көп функционалдуу конференц-залдар жана жолугушуу бөлмөлөрү бар.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, «Тамчы» — бизнес, капитал жана инновациялар үчүн бардык шарттар түзүлгөн жаңы эл аралык юрисдикция. Бул жерде ачык-айкын жана туруктуу укуктук чөйрө, инвестицияларды эл аралык стандарттарга ылайык коргоо, чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана узак мөөнөттүү салыктык жеңилдиктер каралган.

Белгилей кетсек, «Тамчы» СФИТи 2025-жылдын 10-июлундагы №136 мыйзамдын негизинде Ысык-Көлдүн жээгиндеги болжол менен 6 миң гектар аянтта түзүлгөн. Резиденттер англиялык жалпы укуктун негизинде иштеп, 49 жылдык нөлдүк салык режиминен пайдаланып, кирешесин 100 пайыз чет өлкөгө чыгарууга укуктуу.


2035-жылга чейин бул аймакта 3 900дөн ашуун компанияны жайгаштырып, 10 миңден ашык жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button