Коом

Кыргызстан химиялык заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө эксперттик потенциалын бекемдейт

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин караштуу Соттук-эксперттик кызматынын эксперттери Будапешт шаарында (Венгрия) өткөн «Химиялык прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн иликтөө» темасындагы эл аралык окуу курсуна катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чараны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин INL программасы жана Эл аралык укук коргоо органдарынын академиясы (ILEA, Будапешт) уюштурду.

Окутуудан Материалдардын, заттардын жана буюмдардын криминалистикалык экспертизасы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Момункулов жана УКЭМВИнин алдыңкы эксперти Дмитрий Пидгородецкий өтүштү.

Курстун жүрүшүндө катышуучулар жаңы психоактивдүү заттардын, анын ичинде фентанилдин мыйзамсыз базарда жайылышынын учурдагы тенденциялары менен таанышышты, ошондой эле химиялык прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн иликтөөгө эл аралык ыкмаларды жана алынган химиялык заттар менен иштөөдө коопсуздук чараларын изилдешти.

Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө колдонулуучу заманбап аналитикалык жана маалыматтык-мониторингдик инструменттерге өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар прекурсорлордун жана синтетикалык баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоого, талдоого жана алдын алууга багытталган IONICS, GRIDS жана SNOOP эл аралык эрте эскертүү программаларынын мүмкүнчүлүктөрүн изилдешти.

Окутуунун жыйынтыгы боюнча сот эксперттери Эл аралык укук коргоо органдарынын академиясынын (ILEA) «Химиялык прекурсорлордун агып кетишин иликтөө» курсунан өткөндүгү тууралуу сертификаттарын алышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button