Дүйнө

Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2595ке

Венесуэланын убактылуу президенти Делси Родригес күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2595ке жеткенин билдирди. 1-июлга карата 2295 адам каза болгону маалымдалган болсо, учурда жабыркагандардын саны дээрлик 11,3 миңге жетти.

Анын айтымында, урандылардын алдында калган адамдарды издөө иштери уланууда. «Биз дагы деле тирүү адамдарды таба алабыз», — деди ал.

Ошондой эле өкмөт Эл аралык валюта фонду менен биргеликте көлөмү 200 миллион доллар болгон мамлекеттик Калыбына келтирүү фондун түзгөнүн жарыялады.

24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ири жер титирөө катталган. Андан кийин 782 афтершок болгон. Кыйроолор борбор калаа Каракас шаарында, ошондой эле Миранда, Арагуа, Карабобо, Лара жана Яракуй штаттарында катталган. Эң көп жабыркаган Ла-Гуайра шаарында кеминде 100 имарат толугу менен урап калган.

Тектеш кабарлар

Back to top button