Ошто базарда болгон окуядан соң дыйканга жаңы базардан орун берилет

Ош шаарындагы базарда болгон окуядан соң кулпунай өстүргөн дыйканга жаңы муниципалдык базардан соода кылуу үчүн атайын орун берилет. Бул тууралуу аталган шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дыйканды кечээ шаар башчысы Жанарбек Акаев кабыл алган.
Калаа башчысы белгилегендей, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Ошондуктан дыйкандын үзүрлүү эмгеги көз жаздымда калбай, ага жаңы базардан соода жайын бөлүп берүү тапшырмасы берилди.
Мэр ошондой эле дыйканга күч колдонулганы айтылган окуя боюнча укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатканын, анын жыйынтыгында мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынарын белгиледи.
Эске салсак, 5-июлда социалдык тармактарда кулпунайын сатуу үчүн базарга келген дыйканга бир нече адам кол салып, жемиштерин жерге чачып, тебелеп салганы тартылган видео тараган.



