УКМК: Панфилов РЭТинин башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК «КУЭТ» ААКнын Чүй электр тармактары ишканасы тарабынан электр энергиясын эсепке алуу приборлорун айланып өтүү жолу менен улуттук электр тармактарына мыйзамсыз кошуу үчүн жарандардан системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү (Пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен «КУЭТ» ААКнын Чүй электр тармактары ишканасынын Панфилов РЭТинин башчысы 1993-жылдын 15-февралында туулган Т.у.У. кармалды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында кармалган Т.у.У. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иш боюнча бардык жагдайларды жана кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө иштери улантылууда.



