Коом

Мэр Миңжылкиев көчөсүн узартуу иштерин текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагы аркылуу өтө турган Миңжылкиев көчөсүн узартуу иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Долбоорго ылайык, туурасы 8 метр болгон жаңы автоунаа жолу жана көчөнүн эки тарабына жөө адамдар үчүн тротуарлар курулат.

Мэриянын маалыматына ылайык, реконструкцияланып жаткан тилкенин жалпы узундугу 1,35 чакырымды түзөт.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасына курулуш маалында жашыл бак-дарактарды тийиштүү деңгээлде кароону камсыз кылууну тапшырды.

Мындан тышкары, ал Миңжылкиев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишине жол чырагын орнотуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Мэриянын маалыматына ылайык, бул жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, унаа агымын натыйжалуу уюштурууга жардам берет.Эске салсак, курулуш иштери аяктагандан кийин Миңжылкиев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисин Тыналиев көчөсү менен байланыштырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button