Окуялар

Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылышкан

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызмат адамдары пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти .

УКМК тарабынан ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын кызмат адамдары кармалды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй–Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын кызмат адамдары суу коргоо тилкесине жакын жайгашкан туристтик объекттин курулуш долбоорун макулдашып берүү үчүн 1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

2026-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган башкармалыктын жетекчиси жана башкы инспектору пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Кармалган адамдарга карата бөгөт коюу чарасы тандалды. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Чүй–Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button