Коом
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыдан аз

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард куб метрге жакындап, былтыркыга караганда аз. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, суу сактагыч толо баштаган май айларында суунун көлөмү былтыркыга караганда 1-1,5 миллиард куб метрге аз болчу.
“Учурда 10,7 миллиард куб метр болуп калды. Бул былтыркыга салыштырганда 750 миллион куб метрге аз. Бирок учурда суунун келиши жакшы болуп жатат. Кыштан кыйналбай чыгыш үчүн жок эле дегенде 11,5 миллиард куб метрге чейин толушу керек ”, — деген ал.
Министр быйылкы жылы да электрди керектөө көп болгон сааттарда чектөө болобу же жокпу деген суроого так жооп бербестен, маселе тартыштыкка карап чечилерин айткан.



