Окуялар

Казакстандан алып келинген 1,7 тонна коон Кыргызстанга киргизилген жок

Чүй–Бишкек аймактык химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү бекетине жакын жайгашкан биргелешкен көзөмөл постунда Казакстандан ташылып келген коондун партиясын Кыргызстанга киргизбей коюшту.

Департаменттин маалыматына ылайык, өлкөгө 1 миң 700 килограмм коон алып келүү учурунда карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулганы аныкталган.

Тактап айтканда, фитосанитардык коркунучу жогору болгон бул продукцияга тиешелүү фитосанитардык сертификат жок болгондуктан, жүк кайра жөнөтүүчү тарапка кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button