УКМК өзгөчө кооптуу синтетикалык баңгизаттар менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кооптуу синтетикалык баңгизаттарды туруктуу түрдө ташып келүү жана сатуу каналын уюштурган эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Атайын операциянын жүрүшүндө кылмыштуу топтун үч мүчөсү – Кыргыз Республикасынын жарандары: 1999-жылы туулган Ю.С.Б., 1999-жылы туулган Б.У.А. жана 2008-жылы туулган М.А.О. кармалды.

Транспорт каражатын кароо учурунда болжол менен 1 кг синтетикалык баңгизат табылып, алынган. Ал эми кармалгандардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда ар кандай түрдөгү синтетикалык баңгизаттар табылып, алардын жалпы салмагы болжол менен 1 кг 405 граммды түзгөн. Мындан тышкары, синтетикалык баңгизаттарды жашырууга арналган 60тан ашуун «жашыруун катылган жайлар» аныкталып, жоюлган. Алардан жалпы салмагы болжол менен 3 кг 335 грамм синтетикалык баңгизат табылган.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга арналган жалпы салмагы 5 кг 740 грамм синтетикалык баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул көлөм 20–25 миң бир жолку дозага барабар.
Табылган синтетикалык баңгизаттардын көмүскө базардагы болжолдуу чекене баасы 30 миллион сомдон ашат.


Алынган заттар калктын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жараткан өзгөчө коркунучтуу синтетикалык баңгизаттардын категориясына кирет. Аларды бир жолу колдонуу да көз карандылыкка жана оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Атап айтканда, курч психикалык бузулууларды, борбордук нерв жана жүрөк-кан тамыр системаларынын жабыркашын, ошондой эле өлүмгө чейин жеткирген учурларды жаратышы мүмкүн.

Учурда кылмыштуу ишмердүүлүккө тиешеси бар бардык адамдарды жана баңгизаттарды жеткирүү каналдарын аныктоо максатында ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары улантылууда.
КР УКМК эскертет: баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Ар бир бөгөт коюлган канал – бул алдын алынган кылмыштар, сактап калынган жарандардын өмүрү жана улуттук коопсуздуктун чыңдалышы болуп саналат.



