ИИМ: Психотроптук дарыларды ташыган 14 чет элдик кармалды

2026-жылдын башынан бери Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы «Манас» бажы постунун кызматкерлери менен биргеликте психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө жасалган бир катар аракеттердин алдын алды.
ИИМдин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында 14 чет элдик жаран кармалды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 600 таблетка, 150 капсула жана 10 даана спрей алынган.
Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
ИИМ эскерткендей, баңгизаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун, прекурсорлорду жана күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз алып кирүү, сактоо, ташуу, даярдоо, сатуу же аларга байланыштуу башка мыйзамсыз аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келет.



