Министр Канатбек Чыныбаев селден жабыркаган аймактарды кыдырды

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ала-Бука жана Чаткал райондорунда селден жабыркаган аймактарды кыдырды.
Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр авариялык объектилер жана куткаруучулардын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.
Чыныбаев Чаткал дарыясындагы авариялык көпүрөнү көрүп чыгып, келерки жылы жаңы көпүрө салууну сунуштады. Ошондой эле Каныш-Кыя, Терек-Сай айылдарындагы өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн абалы жана жаңы курулуп жаткан имараттар менен таанышты.
Андан кийин Ала-Бука районундагы июнь айындагы нөшөрдөн улам сел жүрүп, 5 ички көпүрөнү жана жолдорду жараксыз кылган Ак-Башат айылындагы абалды көрдү. Тургундар менен жолугуп, Сумсар дарыясындагы кооптуу тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрөрүн убадалады.
Сапардын алкагында жаз-жай мезгилиндеги селдин кесепеттерин жоюу иштерин ыкчам уюштургандыгы үчүн Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Тынчтык Эгембердиевге мөөнөтүнөн мурда «майор» аскердик наамы ыйгарылды.


