Коом

Ош шаарында КРСУнун филиалы ачылат

Ош шаарында Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин филиалын ачуу демилгеленүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев аталган окуу жайдын башкаруучу кеңешинин жыйынына катышкан учурда белгилүү болду.

Парламенттен билдиришкендей, төрага Ош шаарында филиал ачуу демилгесин толугу менен колдоорун билдирди. Анын айтымында, бул кадам өлкө ичиндеги гана эмес, жалпы Фергана чөлкөмүндөгү студенттерди билим алууга тартууга чоң өбөлгө түзөт.

Марлен Маматалиев КРСУ Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн эң ийгиликтүү билим берүү долбоорлорунун бири экенин баса белгилеп, окуу жайдагы заманбап лабораториянын иши менен таанышты. Ал эми депутат Г. Кожокулова университетте кечки окуу ыкмасындагы кошумча билим берүү шарттарын түзүү демилгесин көтөрдү.

Окуу жайдын стратегиялык өнүгүүсүн талкуулаган жыйынга депутат Гуля Кожокулова, Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский жана КРСУнун ректору Сергей Волков катышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button