Коом

Бишкек мэриясы терезе торлорун эмне үчүн алып жатканын түшүндүрдү

Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн терезелериндеги темир торлордун алынуусу боюнча түшүндүрмө берди.

Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, бул иштер ШКУнун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата имараттардын фасаддарын жаңылоо алкагында жүргүзүлүүдө.

Ленин районунун акиминин орун басары Нурсултан Бейшенбек журналисттерге билдиргендей, коопсуздук максатында биринчи кабаттагы батирлердин терезелериндеги торлор сакталды. Ал эми жогорку кабаттардагы темир торлор демонтаждалды.

Буга чейин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн биринин жашоочулары фасадды оңдоо иштеринин жүрүшүндө алардын батирлеринин терезелериндеги темир торлор алынып салынганына нааразы болушкан. Социалдык тармактарда бешинчи кабаттагы торлорду жумушчулар алып жаткан видео да тараган.

Батирдин ээси темир торлор коопсуздук үчүн орнотулганын айтып, бул маселеге президенттин көңүл бурушун өтүнгөн.

Ленин райондук администрациясы билдиргендей, терезелердеги темир торлорду демонтаждоо имараттардын фасаддарын жаңылоо иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, мэриянын маалыматына ылайык, терезе торлору шаардын дизайн-кодунун талаптарына жооп бербейт.

Ошондой эле экинчи кабаттан жогору жайгашкан батирлердин терезелери өзгөчө кырдаал жаралган учурда өрт өчүрүү кызматкерлеринин тоскоолдуксуз кирүүсү үчүн ачык болушу керектиги белгиленди.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button