Коом
Өлкөдө ЖОЖго кабыл алуу өнөктүгүнүн биринчи этабы башталды

Бүгүн, 13-июлда Кыргызстанда жогорку жана орто окуу жайларына жайкы кабыл алуу өнөктүгү башталды.
«Абитуриент online» автоматташтырылган маалыматтык системасынын билдирүүсү боюнча, биринчи турдун алкагында абитуриенттерди каттоо 13-июлдан 15-июлга чейин созулат. Жалпысынан кабыл алуу өнөктүгү беш тур менен өтөт.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алуу жогорку окуу жайларына гана эмес, 11-класстын базасында тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн коллеждерге да жүргүзүлөт.
Кесиптик лицейлерге кабыл алуу 13-июлдан 15-сентябрга чейин өтөт.



