Ашкабактын организмге тийгизген пайдалуу жактары

Ашкабак курамындагы клетчатканын эсебинен ичегинин нормалдуу иштешин колдоп, токчулук сезимин узак убакытка сактоого жардам берет. Бул тууралуу терапевт жана диетолог Елена Устинова «Газета.ru» басылмасына берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, 100 грамм ашкабакта болжол менен 22 килокалория жана 4 грамм клетчатка бар. Клетчатка тамак сиңирүүгө пайдалуу болуп, адамды узак убакытка чейин ток кармайт. Бул өзгөчө арыктоого аракет кылгандар үчүн маанилүү. Ошондой эле ашкабактын курамында каротиноиддер бар, алардын айрымдары организмде А витаминине айланат.
Устинова ашкабактын өзү эле арыктоого алып келбей турганын белгиледи. Аны даярдоодо май, кант, каймак же сырды көп колдонуу тамактын калориялуулугун кыйла жогорулатат.
Калорияны аз сактоо үчүн адис ашкабакты меште бышырууну, демдөөнү же бууга бышырууну сунуштады. Ал эми ашкабактын данегин энергетикалык баалуулугу жогору болгондуктан, аз өлчөмдө колдонуу керек.



