Коом

Акыйкатчы Институту Майлуу-Суу Ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларында мыйзамдар сакталбаганын аныктады

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайларына мониторинг жүргүзүштү.

Анда убактылуу кармоочу жайларда кармалып турган жарандардын укуктарынын сакталышы жана кармоо шарттары текшерилди.

Мониторингдин жүрүшүндө бир катар системдүү кемчиликтер жана бузуулар аныкталды.

Чаткал РИИБнин убактылуу кармоочу жайында санитардык-гигиеналык жана коопсуздук талаптары сакталган эмес. Даараткананын абалы өтө начар, ал эми жуунуучу жайда суу жок.

Мындан тышкары, кармалгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн каралган кутучадагы дары-дармектер талаптагыдай сакталган эмес жана айрым медициналык каражаттардын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен.

28-августта Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери барган учурда убактылуу кармоочу жайда бир жаран кармалып турган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (Ыплас аракеттер) боюнча шектелип кармалган.

Ала-Бука райондук сотунун 11-августтагы токтому менен аны 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, аны Жаза аткаруу кызматынын №53 мекемесине жайгаштыруу белгиленген. Бирок, мыйзам бузууга жол берилип, токтом кабыл алынгандан 17 күн өтсө дагы шектүү тергөө абагына которулган эмес.

Бул КРнын «Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесинин талаптардын сакталбагандыгын көрсөтөт.

Ага байланыштуу Акыйкатчы Институту Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине мыйзам бузууларды жоюу жана тиешелүү чараларды көрүү боюнча чара көрүү актысын жөнөткөн.

Майлуу-Суу ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында дагы бир катар системдүү кемчиликтер аныкталды.

Атап айтканда, камералардын ичи жакшы жарыктандырылбайт, кармалган адамдар сейилдөөчү жайда отургучтардын жоктугу белгилүү болгон.

Акыйкатчы Институту убактылуу кармоочу жайларда кармалган адамдардын укуктарын жана адамдын кадыр-баркына жооп берген шарттарда кармалышын камсыз кылуу боюнча мыйзамдын талаптары так аткарылышы керектигин баса белгилейт.

Тектеш кабарлар

Back to top button