Окуялар

Кочкор-Атада катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 20 үйдүн ичине кирди

Кечээ, кечинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 22:10го карата шаардагы 20 турак үйдүн ичине сел суулары киргени аныкталган. Учурда жеринде тактоо жана селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштер жүрүүдө.

Кырсык болгон аймакка ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде жалпы 113 адам, 15 инженердик техника жана 10 мотопомпа тартылды.

Тартылган күч жана каражаттардын курамы:

  • Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн: 21 куткаруучу, 2 мотопомпа;
  • Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн: 23 куткаруучу, 4 мотопомпа;
  • Майлуу-Суу шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн: 26 куткаруучу, 4 мотопомпа;
  • Ноокен райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан: 43 кызматкер жана 15 даана инженердик техника.

Учурда куткаруучулар сел сууларын сордуруп, үйлөрдүн айланасын тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүшкөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button