Коом
Ысык-Көлдө милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Ысык-Көлдө туристтик сезон учурунда коопсуздукту камсыздоо жана сууда кырсыктардын алдын алуу максатында Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Облустук милициядан билдиришкендей, алар көл жээгиндеги эс алуучулар жана туристтер менен түздөн-түз жолугуп, атайын маалыматтык баракчаларды таратууда.
Милиция кызматкерлери суу жээгиндеги жаш балдар дайыма чоңдордун көзөмөлүндө болушу шарт экенин эскертишүүдө.
Ошондой эле мас абалда сууга түшүүгө такыр жол берилбей турганын, сууга түшүүгө тыюу салынган же кооптуу деп белгиленген жерлерде сүзбөө керектиги жана өз өмүрүнө жана жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин белгилешүүдө.



