Коом
«Аэро Номад Эйрлайнс» жаңы эл аралык каттам ачат

Кыргызстандын «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек — Үрүмчү — Бишкек багыты боюнча жаңы эл аралык каттамды ачат.
Компаниянын маалыматына ылайык, алгачкы рейс 3-августта учат. Бул каттам Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болгон ишкерлерге, бизнес өкүлдөрүнө, туристтерге жана башка жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болот.
Каттамдын артыкчылыктары:
Бишкек менен Үрүмчүнүн ортосунда түз аба каттамы;
иш сапарлар, соода-сатык жана бизнес жолугушуулар үчүн ыңгайлуу маршрут;
туризмди жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүк;
заманбап Airbus A320 учактары менен жайлуу жана коопсуз каттамдар.



