Коом

Франциялык компания Бишкекке темир жол транспортун өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр

15-июлда борбор калаанын мэриясында вице-мэр Рамиз Алиев менен Франция Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Бишкектин транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде коомдук транспорт тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана Бишкекти 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн Башкы планы талкууланды.

Өзгөчө көңүл заманбап коомдук транспортту өнүктүрүүгө бурулуп, метро куруу мүмкүнчүлүгү, трамвай тармагын өнүктүрүү, электробустарды киргизүү жана шаардагы кыймылдын сапатын жогорулатууга, экологиялык жүктү азайтууга багытталган башка транспорттук чечимдер каралды.

Рамиз Алиев транспорт системасын өркүндөтүү мэриянын негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2050-жылга чейинки Башкы план транспорттук инфраструктураны комплекстүү жаңылоону, ыңгайлуу жана коопсуз шаар чөйрөсүн түзүүнү, ошондой эле экологиялык таза коомдук транспортту өнүктүрүүнү камтыйт.

Франция тарап Бишкек менен транспорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, шаардык жана темир жол транспортунда ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырган француз компанияларынын тажрыйбасын колдонууга даяр экенин айтты.

Ошондой эле дүйнөдөгү темир жол транспорту жана туруктуу шаардык мобилдүүлүк боюнча алдыңкы компаниялардын бири болгон Alstom менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Компания трамвай системаларын куруу жана жаңылоо, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана интеллектуалдык транспорттук чечимдерди ишке ашыруу боюнча чоң эл аралык тажрыйбага ээ.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкектин транспорттук системасын модернизациялоо боюнча кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экенин ырастап, конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.

Тектеш кабарлар

Back to top button