Коом

«Формула-1» долбоорунун алкагында Ысык-Көлдө 6 миңден ашуун көчөт отургузулат

17-18-июль күндөрү Ысык-Көл облусундагы Боз-Салкын жана Дөң-Талаа аймактарында 6 миңден ашуун көчөт отургузуу акциясы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары – КРдин суу-мотор спорту федерациясы жана «Жашыл Дем» долбоорунун өкүлдөрү билдиришти.

Эки күнгө созула турган акцияга ыктыярчылар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнөктөш уюмдар, жергиликтүү тургундар, бизнес өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Негизги иштер 6 гектар аянтты ээлеген Боз-Салкын тилкесинде жүргүзүлүп, бул жерге болжол менен 5 миң көчөт отургузулат. Ал эми Дөң-Талаа аймагына дагы 1 миң көчөт тигилет.

«Жашыл Дем» долбоору токой аянттарын калыбына келтирүүгө, экологиялык абалды жакшыртууга жана жаратылышка аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button