Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестициялар 204 миллиард сомдон ашты

Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 204,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу инвестициялар ички жана тышкы каржылоо булактарынын өсүшүнүн эсебинен көбөйдү.
Ички инвестициялар 1,5 эсеге өсүп, 166,7 миллиард сомду, ал эми тышкы инвестициялар 3,2 эсеге көбөйүп, 37,6 миллиард сомду түздү.
Инвестициялардын негизги бөлүгү турак жай курулушуна, транспорт жана жүк сактоо тармагына, пайдалуу кендерди казууга, электр энергиясы жана газ менен камсыздоого, кайра иштетүү өнөр жайына жана башка тармактарга багытталды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эң көп инвестиция Бишкек шаарына, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарына туура келди.



